Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 15-апрели № 9/2
Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Мыйзамынын 4-статьясына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагындагы калктуу конуштардан тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарыпжаткан иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2.Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдардан таштандыларды ташып чыгууда белгиленип кеткен кемчилдиктерди тез арада жоюу менен айылдардагы абоненттердин картасын, графигин иштеп чыгуу, муниципалдык ишкананы жаңы атайын техника мусоровоз менен камсыз кылуу аркылуу кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттыруу, таштанды полигонун талаптагыдай абалына келтирүү, абоненттерден бекитилген тариф боюнча чогулган каражаттар боюнча максаттуу иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Рахманберди уулуна милдеттендирилсин.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мойдунов |