Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 15-апрели № 9/3
Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу, таза суу системасын, ирригация системасынын, суу курулмалардын ишин камсыз кылуу боюнча учурда аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” Мыйзамынын 21, 27-статьяларына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагындагы калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу, таза суу системасын, ирригация системасынын, суу курулмалардын ишин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн учурда аткарып жаткан иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2.Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундарды ичүүчү таза суу жана алардын үлүш жерлерин сугат суулары менен камсыз кылууда белгиленип кеткен кемчилдиктерди тез арада жоюу менен бирге суу пайдаланган абоненттердин картасын, графигин иштеп чыгуу, ишке кирген "Тар" насостук станциясы аркылуу сугат сезонунда суунун көлөмүн көбөйтүп суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, суу лотокторуна көзөмөлдү күчөтүү, абоненттерден бекитилген тариф боюнча чогулган каражаттар боюнча максаттуу иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана “Ылай-Талаа Тазалык - Таза суу - Жайыт” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу:комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мойдунов |