Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 15-апрели № 9/4
Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия жана спорт жөнүндө “” Мыйзамынын 7-статьясына “Жаштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинеылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн айыл өкмөтүнүн учурда аткарып жаткан иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2.Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундарды айрыкча жаштарды массалык спортко тартуу аркылуу алардын ден-соолугуна кам көрүү, сергек жашоого үндөө жана терс жагдайларга алып келүүчү жүрүм-турумдарды ашкерелөө менен кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча максаттуу иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу:комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Мойдунов |