Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 15-апрели № 9/5
Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг жолу менен мусоровоз DFL3233D4 атайын техникасын сатып алуу жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн техникалык паркын жаңылоо үчүн жана автотехникалардын жетишсиздигине байланыштуу лизинг жолу менен “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу мусоровоз DFL3233D4 атайын техникасынсатып алуу зарыл болгондугу тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун шарттарына ылайык финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу баасы баасы 4 416 882 (төрт миллион төрт жүз он алты миң сегиз жүз сексен эки) сом, жылдык 5 (беш) пайыз, 5 (беш) жылдык мөөнөткө төмөнкү атайын техниканы алууга макулдук берилсин: - мусоровоз DFL3233D4 атайын техникасын.
2.Лизингдин жалпы баасынан 30 (отуз) пайыз өлчөмүндө Ош облустук өнүктүрүү фондунун салымы 1 325 065 (бир миллион үч жүз жыйырма беш миң алтымыш беш) сом кошулсун.
3.Өздүк салымдан сырткары лизингге алынган мусоровоз атайын техникасынын “Унаа” мамлекеттик мекемесинен катталуусу, бул техниканын бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган мусоровоз атайын техникасын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
4.“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Рахманберди уулуна ыйгарылсын.
5.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
6.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчунө кирет.
8.Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | А. Мойдунов |