Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 15-апрели № 9/6
Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг жолу менен мусоровоз DFL3233D4 атайын техникасын сатып алуу жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн техникалык паркын жаңылоо үчүн жана автотехникалардын жетишсиздигине байланыштуу лизинг жолу менен “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу жүк ташуучу CSC3255DT384 самосвалынсатып алуу зарыл болгондугу жөнүндө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун шарттарына ылайык финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу баасы баасы 4 656 862 (төрт миллион алты жүз элүү алты миң сегиз жүз алтымыш эки) сом, жылдык 5 (беш) пайыз, 5 (беш) жылдык мөөнөткө төмөнкү атайын техниканы алууга макулдук берилсин:
- жүк ташуучу CSC3255DT384 самосвалын.
2.Лизингдин жалпы баасынан 30 (отуз) пайыз өлчөмүндө Ош облустук өнүктүрүү фондунун салымы 1 397 059 (бир миллион үч жүз токсон жети миң элүү тогуз) сом кошулсун.
3.Өздүк салымдан сырткары лизингге алынган жүк ташуучу самосвалдын “Унаа” мамлекеттик мекемесинен катталуусу, бул техниканын бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган жүк ташуучу самосвалдын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
4.“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Рахманберди уулуна ыйгарылсын.
5.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
6.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | А. Мойдунов |