Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 17-8 буйругу менен бекитилди) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
Электр жабдууларын сыноо иштерин жүргүзүүдөгү
коопсуздук эрежелери
Бишкек 2026
Мазмуну
Киришүү
§ 1. Кабыл алынган кыскартуулардын тизмеси
1 Бөлүм
§ 1. Жалпы жоболор
§ 2. Ишкерсандарга коюлган талаптар
§ 3. Коопсуздуктун жалпы талаптары
Бөлүм 2. Ишти баштоонун алдындагы коопсуздук талаптары
§ 4. Сыноолорду жана өлчөөлөрдү уюштурууга жана даярдоого коюлуучу талаптар
§ 5. Өндүрүштүк жайларга коюлган талаптар
§ 6. Өндүрүштүк имаратттардан тышкары шарттарда аткарылуучу процесстер үчүн өндүрүштүк аянттарга коюлуучу талаптар
§ 7. Баштапкы материалдарга, даярдалган материалдарга жана жарым фабрикаттарга коюлуучу талаптар
§ 8. Өндүрүштүк жабдууларга коюлган талаптар
(сыноо жана өлчөө каражаттары менен)
§ 9. Өндүрүштүк жабдууларды жайгаштырууга жана жумушчу орундарды уюштурууга коюлуучу талаптар
§ 10. Электр өлчөөлөрүн(сыноолорун) жүргүзүүгө арналган алеттерди, шаймандарды жана түзүлмөлөрдү сактоо жана ташуу ыкмаларына коюлуучу талаптар
§ 11. Коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар
Бөлүм 3. Иштөө учурундагы коопсуздук талаптары
§ 12. Тышкы булактан жогорулатылган чыңалуу берүү менен электр жабдууларын сыноо
§ 13. Электр өлчөгүч кыскычтар, өлчөө таякчалары жана чыңалуу
көрсөткүчтөрү менен жүргүзүлүүчү иштер
§14. Чубалгыларда импульстук өлчөгүч менен жүргүзулгөн иштер
§ 15. Мегаомметр менен иш жүргүзүү тартиби
§ 16. Электр эсептегичтер жана өлчөөчү алеттер менен иш жүргүзүү тартиби
§ 17. Электр талаасынын чыңалуусун өлчөө боюнча иштер
§ 18. Бүлүнүүлүк кырдаалдардагы коопсуздук талаптары
§ 19. Жумуш бүткөндөн кийинки коопсуздук талаптары
Кириш сөз
“Электр жабдууларды сыноо боюнча иштерди аткарууда коопсуздук эрежелери" электр жабдууларын кадимкидей шарттарда коопсуз иштетип пайдаланууну камсыздоо үчүн иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын энергетика ишканалары тарабынан колдонулушу керек.
Электр жабдууларын сыноодо коопсуздук эрежелери өтө маанилүү, анткени электр энергиясы менен иштөө учурунда электр агынга урунуп калуу, өрт жана башка коркунучтарды камтыйт.
Бул Эрежелерде энергетикалык тутумдардын ар кандай чөйрөлөрүндө колдонулушу мүмкүн болгон электр жабдууларын сыноо боюнча иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелери каралган.
§ 1. Кабыл алынган кыскартуулардын тизмеси
Кыскартуулар | Аныктамалар |
ТАӨ | Талааны автоматтык түрдө өчүрүү |
АБТ | Автоматтык башкаруу тутуму |
АТС | Автоматтык телефон станциясы |
АЧ | Аба чубалгысы |
АБЧ | Аба байланыш чубалгысы |
ЖЖБ | Байланыш-жогорку жыштыктагы байланыш |
ББК | Башкы башкаруу калканы |
ЖБО | Жабык бөлүштүрүүчү түзүлүшү |
ӨС(СС) | Өлчөөчү (сыноочу) стенд |
КЧ | Кабелдик электр чубалгысы |
КЛЧ | Кабелдик байланыш чубалгысы |
ИЖБТ(ТЖБТ) | Ички(тышкы) орнотмонун жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлүшү |
ЖТК | Жыйнакталган трансформатордук көмөкчордон |
МТК | Мачталык трансформатордук көмөкчордон |
ТРП | Тейленбеген регенерациялык пункт |
ТКП | Тейленбеген күчөтүүчү пункт |
ЫЧИТ | Ыкчам-чыгуу ишкер топ |
АБТ | Ачык бөлүштүрүүчү түзүлүш |
ПБУ | Тейленүүчү күчөтүү пункту |
ИУД | Ишти уюштуруу долбоору |
ИЖД | Иштерди жүргүзүү долбоору |
ИИЭ | Ишкерсандар менен иштөө эрежелери |
ЭОТЭ | Электр орнотмолорунун түзүлүш эрежелери |
РКА | Релелик коргоо жана автоматика |
БП | Бөлүштүрүү пункту |
БТ | Бөлүштүрүүчү түзүлүш |
ТТБК | Тескемердик жана технологиялык башкаруунун каражаттары (кабелдик жана аба байланыш чубалгылары жана телемеханиктер,жогорку жыштыктагы каналдар, байланыш түзүлүштөрү жана телемеханиктер |
КМУ | Курулуш-монтаждоо уюму |
КЧЖЭ | Курулуш ченемдери жана эрежелери |
ЖАЧ | Жылуулук автоматикасынын, жылуулук техникалык ченөөлөрдүн түзүлүшү жана коргоо каражаттары, аралыктан башкаруу, сигнализация жана автоматташтырылган башкаруу системаларынын техникалык каражаттары |
ТКЧ | Трансформатордук көмөкчордон |
ЭО | Электролиз орнотмосу |
§ 1. Жалпы жоболор
1. Бул эрежелер иштеп жаткан электржабдууларын тейлеген, ошондой эле аларды сыноолорду жана өлчөөлөрдү жүргүзгөн ишкерсандарга тиешелүү.
2. Бул эрежелерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор аларды бекиткен уюмдар тарабынан гана киргизилиши мүмкүн.
3. Жумуш орундарда төмөнкүлөр болууга тийиш:
- колдонууга даяр коргоочу каражаттар, ошондой эле күчүндө турган эрежелер жана ченемдерге ылайык биринчи медициналык жардам көрсөтүү каражаттары;
- колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын жана өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарына ылайык баштапкы өрт өчүрүүчү жабдуулар.
4. Бул эрежелерди билүү бардык кызматкерлер үчүн милдеттүү.
5. Административно- техникалык ишкерсан жергиликтүү шарттарга жараша айрым учурларда кошумча иш-чараларды карашы керек, иштердеги коопсуздукту жогорултуу үчүн.Ушул иш-чаралар эрежелерге каршы келбеши керек.