Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
10-сессиясынын токтому
2025-жыл 4-июлу №10-2
Бел айыл аймагынын Каракчы-Кол бөлүмүнөн 21,5га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бел айыл аймагынын Каракчы-Кол бөлүмүнөн суралган 21,5га жер аянтын кум-шагыл майдалоочу жана бетон курулмаларды чыгаруучу ишкана куруу боюнча маселени отурумда туруктуу комиссия карап чыгып айыл өкмөтүнүн кошумча билдирүүсүн угуп айылдык кеңеш токтом кылат:
1. “Мекен ынтымагы” ЖЧКнын арызы канааттандырылсын.
2. Бел айыл аймагынын Каракчы-Кол бөлүмүнөн кум-шагыл майдалоочу жана бетон курулмаларды чыгаруучу ишкана курууга суралган 21,5 жер аянтын которууга (трансформациялоого) жана 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин жана аткарууга алынсын.
3. Аталган жер аянты боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана жер адиси А.Абабакировго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “бюджет,экономика, муниципалдык менчик , айылчарбасы, инвестиция ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |