Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
10-сессиясынын токтому
2025-жыл 4-июлу №10-3
Бел айылынын тургуну Сранчов Умардын арызын кароо жөнүндө
Бел айылынын тургуну Сранчов Умардын 2025-жылдын 19-июнунда жазган арызын айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы,инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын өткөргөнотурумунун чечимин угуп айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Бел айылынын тургуну Сранчов Умардын арызы канааттандырылсын.
2. Бел айыл аймагынын Каракчы-Кол бөлүмүнөн жайыт жеринен суралган 0,30га жер аянтына кум-шагыл төгүп, тегиздетип иштетүүгө макулдук берилсин.
3. Каралган жерди көзөмөлдөп келишим жана башка иш кагаздарын тактоо жагы айыл өкмөтүнө жана “Бел” муниципалдык ишкананын жетекчиси Ж.Султановго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “бюджет, экономика, айыл чарбасы, ишкердик иш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |