Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
10-сессиясынын токтому
2025-жыл 4-июлу №10-4
Г.Эргешов жана “Кеңеш” орто мектебинин кыйылган теректеринин акчасын өздөрүн эсебин которуп берүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын Бел айылындагы Г.Эргешов жана Кайрагач айылындагы Кеңеш орто мектебинин жетекчилеринин маалыматын угуп, туруктуу комиссия карап чыгып талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Бел айыл аймагынын Бел айылындагы Г.Эргешов жана Кайрагач айылындагы Кеңеш орто мектебинин кыйылган теректеринин жалпы 240 000 (эки жүз кырк миң) сом акчасын мектептин өздөрүнүн эсебине которууга макулдук берилсин.
2. Акча каражаттарын мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |