Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз

11-сессиясынын токтому

2025-жыл 8-августу №11-1

Бел айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсынан кызматтык унаа алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 07.07.2025 №633 тескемесине ылайык “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК 30.07.2025 №1-08-2/210сандуу катындагы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызматтык авто унаа менен камсыздоо жөнүндөгү маалымат каты менен таанышып жана талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:

1. “ Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК 30.07.2025 №1-08-2/210сандуу катындагы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызматтык авто унаа менен камсыздоо жөнүндөгү каты колдоого алынсын.

2. Белгиленген тартипте “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК менен юридикалык иш кагаздарын түзүү жагы айыл өкмөтүнүнбашчысы А.Эшматовго тапшырылсын.

3. Белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен тиешелүү жылдарга акча каражатын ажыратуу боюнча иштерди алып баруу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага :

М.Ураимов.