Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
12-сессиясынын токтому
2025-жыл 10-сентябры №12-1
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Эшматов Адылбек Мүзүраимовичке ишенбөөчүлүк берүү жөнүндө
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) депутаттарынын өткөргөн сессиясынын жыйынтык чечимин талкуулап, айыл өкмөтүнүн башчысы Эшматов Адылбек Мүзүраимовичке “ишенбөөчүлүк” көрсөтүү боюнча сессияга катышкан 17 депутаттын ичинен 14 депутаттын бир добуштан макулдугуна негиз айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Бел айылдык кеңешинин 10.09.2025 кезектеги 12-сессиясынын протоколунун чечими жактырылсын.
2. Сессиянын чечиминин негизинде Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Чакибаевге сунуш кат даярдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага : | М.Ураимов. |