Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги
13-сессиясынын токтому
2025-жылдын 10-октябры №13-1
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларын көрсөтүү боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгында белгиленген 2025-жылдын 22-23-декабрында өтүүчү Кезектеги IV Элдик Курултайга Бел айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколунун чечимине негиз айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Бел айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүүкоомдоштуктардын жыйыны Белайыл өкмөтүнүн имаратынынжыйындар залында 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00дө өткөрүлсүн.
2. Бел айыл аймагынан Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 80 болуп бекитилсин. Тиркеме№1
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги бекитилсин. Тиркеме№2
4. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы бекитилсин (мындан ары – жумушчу топ) .Тиркеме №3
5. Ар бир айылдын айыл башчыларына Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштурууга көмөк көрсөтүү жана айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргузүү жагы милдеттендирилсин.
6. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүүдө керектелүүчү чыгымдарды кароо маселеси Бел айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жанакызыкчылыгын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |