Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги

13-сессиясынын токтому

2025-жылдын 10-октябры №13-2

Которуу жана муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

Бел айыл аймагынын Талды-Булак бөлүмүндөгү № 690 контурундагы 1,0га жер аянтын суу сактоочу резервуар куруу үчүн которуу жана муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Бел айыл аймагынын Талды-Булак бөлүмүндөгү № 690 контурунан 1,0га жер аянтына суу сактоочу резервуар куруу үчүн которуу жана муниципалдык менчикке алуу боюнча иш алып барылсын.

2. Жерди мыйзамдын негизинде карап, муниципалдык менчиктештирүү үчүн документ иштерин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана жер адистерине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук тартиби, курулуш, жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага :

М.Ураимов.