Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
13-сессиясынын токтому
2025-жылдын 10-октябры №13-3
Кеңеш орто мектебинин өздүк салымындагы акча каражатын башка багытка өзгөртүү жөнүндө
Бел айыл аймагындагы Кеңеш орто мектебининин ажатканасын жаңыдан куруу жөнүндөгү долбооруна өздүк салым үчүн каралган 175,000 (бир жүз жетимиш беш миң) сом акча каражатын аталган мектепке күйүүчү май менен иштетүүчү кыймылдаткыч жана насос алуу үчүн багытын өзгөртүү жөнүндөгү маселени сессияда депутаттар карап жана мектеп директорунун маалыматын угуп айылдык кеңеш токтом кылат:
1 . Кеңеш мектебинин өздүк салымдагы 175,000 (бир жүз жетимиш беш миң) сом акча каражатын беренелерге жылдырууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде башка бөлүмгө жылдыруу жана аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |