Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
13-сессиясынын токтому
2025-жылдын 10-октябры №13-4
Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын тогуз айлыгына карата бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыгына карата түшкөн кирше жана чыгашаны карап, тактап айылдык кеңештин 13.01.2025ж №4-2 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү маселени бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссия ФЭБ башчы жана айыл өкмөт башчысы менен биргеликте карап чыгып ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Кайрагач айылынын А.Каратаев көчөсүнүнө бөлүнгөн 380 000 (үч жүз сексен миң) сом акча каражатын төмөнкү багыттарга которууга макулдук берилсин.
- Маданият үйүнө – 95 000 (токсон беш миң) сом
- Карагач айылынын Ш.Узаков көчөсүнө столбага- 55 000 (элүү беш миң) сом
- Кайрагач айылынын тратуарларга трубаларга- 85 000 (сексен беш миң) сом
- Аялдар кеңешинин семинарын өткөрүүгө- 45 000 (кырк беш миң) сом
- Таш-Булак айылына суу түтүктөрүн алууга- 50 000 (элүү миң) сом
- Кайрагач айылындагы тратуар плиталарына- 25 000 (жыйырма беш миң) сом
- Күнгөй мектебине- 25 000 ( жыйырма беш миң) сом
2. Жогоруда көрсөтүлгөндөрдү аткарууга алуу жана каржылоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |