Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
13-сессиясынын токтому
2025-жыл 10-октябры №13-5
Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин от казан бөлмөсүнөн чыккан чугун мештердин акчасын өздөрүнүн эсебине которуу жөнүндө
Бел айыл аймагынын Бел айылындагы Г,Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин казан бөлмөсүнөн чыккан чугун мештердин эскилерин сатып, кайра мектептин ондоп түзөө иштерине иштетүү боюнча мектеп жамаатынын профсоюз уюмунун 2025-жылдын 5-октябрындагы №2 протоколун айылдык кеңеш карап чыгып токтом кылат:
1. Бел айыл аймагынын Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин казан бөлмөсүнөн чыккан чугун мештердин сатылган суммасы жалпы 75776 (жетимиш бешмиң жети жүз жетимиш алты) сом акча каражатын мектептин өздөрүнүн эсебине которууга макулдук берилсин.
2. Акча каражаттарын мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн
башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |