Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
14-сессиясынын токтому
2025-жыл 13-ноябры №14-1
Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын тогуз айлыгына карата бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыгына карата түшкөн киреше жана чыгашаны карап, тактап айылдык кеңештин 13.01.2025ж №4-2 токтомуна толуктоолор жана озгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү маселени бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссия ФЭБ башчы жана айыл өкмөт башчысы менен биргеликте карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыгына карата киреш
бөлүмүнө түшкөн 1100 000 (бир миллион бир жүз миң) сом акчаны төмөнкү багыттарга кароого макулдук берилсин
- Ой-Талаа орто мектебине көмүр алууга – 200,0 (эки жүз миң) сом
- Логистика (мөмө жемиш сактоочу муздаткыч) трансформатор алууга – 300,0 (үч
жүз миң) сом
- “Райхан”балдар бакчасына трансформатор алууга -300,0 (үч жүз миң)
- Айыл аймагындагы шайлоо участкаларына керектелүүчү буюмдарды алууга- 50,0
(элүү миң) сом
- Айыл өкмөтүнүн унаасына күйүүчү май үчүн- 20,0 (жыйырма миң) сом
- Күнгөй мектебине суу киргизүүгө – 20,0 (жыйырма миң) сом
- Карлыгач каңды балдар бакчасына ремонт иштерине- 40,0 (кырк миң) сом
- Таш-Булак айылына таза суу түтүктөрүн алууга- 50,0 ( элүү миң) сом
- Башка бөлүмдөргө-120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом
2. Аткарууга алуу жана каржылоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана
ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет,
экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |