Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
14-сессиясынын токтому
2025-жыл 13-ноябры №14-2
Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде тендерден үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жыл ичинде берилген тендерлерден үнөмдөлүп калган 401 900 (төрт жүз бир миң тогуз жүз) сом акча каражатын кайрадан иштетүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңеш карап чыгып, 109-беренеге негиз: Аткаруу процессинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын кайра бөлүштүрүү боюнча токтом кылат:
1.Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде берилген тендерлерден үнөмдөлүп калган акчанын ичинен 401 900 (төрт жүз бир миң тогуз жүз) сом акча каражатын кайрадан бөлүштүрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана каржылоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага : | М.Ураимов. |