Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
14-сессиясынын токтому
2025-жыл 13-ноябры №14-3
Кеңеш орто мектебинин айланасындагы кооптуу болгон бак-дарактарды кыюу жөнүндө
Бел айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан Кеңеш орто мектебинин айланасындагы кооптуу болгон бак-дарактарды кыюу жөнүндөгү Кеңеш орто мектебинин жамаатынын 2025-жылдын 1-ноябрында өткөрүлгөн жыйындын протоколун протоколунун сессияда карап чыгып талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Кеңеш орто мектебинин 2025-жылдын 1-ноябрында өткөрүлгөн педкеңешменин протоколу жактырылсын.
2. Бак-дарактарды кыюуда коопсуздугун кароо жана мыйзамдын негизинде иш жүргүзүү жагы мектеп директору А.Мамазаитовага жана айыл өкмөтүнүн орун басарынын милдетинин аткаруучу Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, архитектура, курулуш, экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |