Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон Шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 2-апрелиндеги № 9
Базар-Коргон шаарынын аймагындагы жеке менчик жер аянтарынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренеси, 18-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Т.С.Исаевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын Э. Аралов көчөсүндөгү Ташполотова Адашхан Каримбаевнанын 3-02-02-0004-0088 сыр белгиси менен катталган 300 чарчы метр жеке менчик турак жай астындагы жер аянтын мечит куруу үчүн максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.С.Исаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д. Юсуповго милдеттендирилсин.
Төрага | К.К.Анарбеков |