Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон Шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 2-апрелиндеги № 10
Базар-Коргон шаарынын аймагындагы жеке менчик жер аянтарынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренеси, 18-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Т.С.Исаевдин каттарына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын:
а) А.Курбанов көчөсүндөгү Муктарова Саткинай Ибрахимовнанын 3-02-02-0007-1101 сыр белгиси менен катталган 96,00 чарчы метр жеке менчик,
б) Ленин көчөсүндөгү Турсунов Үсөн Таджидиновичтин 3-02-06-0002-0258 сыр белгиси менен катталган 247,5 чарчы метр жеке менчик,
в) М.Аккозиев көчөсүндөгү Ахмадалиев Абдулхак Усманалиевичтин 3-02-03-0010-0639 сыр белгиси менен катталган 495,0 чарчы метр жеке менчик турак жайларын элге кызмат көрсөтүү үчүн пайдалануу багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.С.Исаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д. Юсуповго милдеттендирилсин.
Төрага | К.К.Анарбаев |