Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон Шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 2-апрелиндеги № 12
Базар-Коргон шаарынын К.Бегимкулов көчөсүндөгү 350,0 чарчы метр жер аянтын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик реестрине киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, 45-беренесинин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин жетекчиси А.Маматкалыковдун 05.02.2026ж. №01-5/51 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын К.Бегимкулов көчөсүндөгү 350,0 чарчы метр жер аянтын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципиалдык менчик реестрине тиркемеге ылайык киргизилсин. Тиркеме №1 тиркелет.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.С.Исаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д. Юсуповго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |