Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 27-февралы №1
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айында аткарган иштери боюнча маалыматын жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу И.Нармырзаевдин 2025-жылдын 12 ай ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү, инфраструктураны жакшыртуу, калкты социалдык жактан колдоо, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана башка багыттар боюнча жүргүзгөн иш аракеттери тууралуу отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу И.Нармырзаевдин 2025-жылдын 12 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу И.Нармырзаев 2026-жылга;
- социалдык-экономикалык өнүгүү багытындагы иштерди активдештирүү;
- Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо үчүн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча;
- Калк тарабынан көтөрүлгөн маселелерди өз убагында жана сапаттуу чечүү боюнча иш алып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М.М. Козубаев |