Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 27-февралы №2
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин, туруктуу комиссияларынын 2026-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин жана туруктуу комиссияларынын 2026-жылга карата түзүлгөн иш пландарын бекитүүнү карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырууга, алардын мыйзамдуу жана уюшкандыкта иш алып баруусуна көмөктөшүү максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин жана 4 (төрт) туруктуу комиссияларынын 2026-жылга карата түзүлгөн иш пландары бекитилсин.
2. Түзүлгөн иш пландардын негизинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М.М. Козубаев |