Загрузка документа…
|
| КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 282 токтомуна тиркеме
|
Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти аккредитациялоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти аккредитациялоо тартиби (мындан ары – Тартип) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, ошондой эле мамлекеттик катышуу үлүшү 50 пайыздан ашкан, өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттерине кирбеген чарбалык коомдордун өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздугуна жана маалыматтык инфраструктура объекттерине көз карандысыз аудит жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды аккредитациялоо жол-жобосун жөнгө салат.
2. Арыз ээсин аккредитациялоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын ушул Тартипке, Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарга, ошондой эле киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык келишине баа берүү максатында жүргүзүлөт.
3. Юридикалык жактарды аккредитациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
4. Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер:
аккредитациялоо – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүүдө юридикалык жактын компетенттүүлүгүн расмий тааныган жол-жобо;
арыз ээси – аккредитацияны алууга арыз берген юридикалык жак;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.
2-глава. Арыз ээсине карата талаптар
5. Арыз ээсин аккредитациялоо ал төмөнкү талаптарды аткарган шартта жүзөгө ашырылат:
6. арыз ээсинин таза активдеринин наркы бир миллион сомдон кем эмести түзөт, аны ал бухгалтердик отчеттуулук (баланс, пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет), банктан маалымкат, мүлккө документтер менен ырастайт;
7. юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнүн же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жакты каттоо жөнүндө электрондук маалымкаттын (күбөлүктүн) болушу;
8. көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу, квалификациялык сертификаттарга ээ болгон (ISO/IEC27001 Lead Auditor/Implementer, CISA, CISM, CISSP, CompTIA, CEH, CRISC, COBIT, ITIL, NIST, OSCP, CySA+, GIAC, CGEIT, CHFI, ECSA, LPT ж.б. бири) квалификациялуу адистердин болушу;
9. кирүүгө көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жана тестти жүргүзүүдө пайдаланылуучу сертификацияланган программалык жана аппараттык-программалык каражаттардын болушу, алардын аталышы жана техникалык мүнөздөмөсү, ошондой эле менчик укугун ырастоочу документтер же аларды пайдалануу үчүн башка мыйзамдуу негиз;
10. көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү учурунда келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчиликти бир миллион сомдон кем эмес суммада финансылык камсыздоонун болушу, аны ал банк кепилдиги, депозит, камсыздандыруу полиси, ошондой эле башка ыкмалар (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар) менен ырастайт;
11. маалыматтык инфраструктура объекттерине көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү тажрыйбасынын болушу;
12. киберкоопсуздук аудитин жүргүзүүдө кызыкчылыктардын кагылышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну жана текшерилүүчү объекттерден көз карандысыздыкты камсыздоо;
13. киберкоопсуздук аудитин жүргүзүүдө алынуучу жана иштелүүчү маалыматты санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн, жоготуудан, модификациялоодон жана ачыкка чыгаруудан коргоону камсыздоо.
3-глава. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн арыз ээси тарабынан берилүүчү документтер
6. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет же жөнөтөт:
7. ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арызды;
8. юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринен (мындан ары – Реестр) юридикалык жакты каттоо жөнүндө көчүрмөнүн же болбосо электрондук маалымкаттын (күбөлүктүн) болушу;
3) арыз ээсине салык төлөөчүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык номери ыйгарылгандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
4) банктык реквизиттер жөнүндө маалыматтар;
5) юридикалык жактын адистеринин киберкоопсуздук жаатындагы жогорку билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү сертификаттарынын жана документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
6) юридикалык жактын адистеринин эмгек китепчелеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
7) адистердин ким экендигин күбөлөндүргөн документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
8) адистердин юридикалык жак менен эмгек келишимдеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
9) адистердин квалификациялык сертификаттарынын (ISO/IEC27001 Lead Auditor/Implementer, CISA, CISM, CISSP, CompTIA, CEH, CRISC, COBIT, ITIL, NIST, OSCP, CySA+, GIAC, CGEIT, CHFI, ECSA, LPT ж.б. бири) көчүрмөлөрү;
10)юридикалык жактын ички актысы менен бекитилген, төмөнкүлөрдү регламенттөчү уюштуруу-тескөөчү документтердин тизмеги:
- киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү (максаттардын, милдеттердин, методдордун, мезгилдүүлүктүн жана отчеттуулуктун сыпаттамасы);
- киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү методикасы (ISO/IEC, NIST, COBIT, PCI DSS, ITIL, OWASP ж.б. улуттук жана эл аралык стандарттардын негизинде);
- киберкоопсуздук саясаты;
- киберкоопсуздук аудитинин жүрүшүндө алынган маалыматтын купуялуулугу жана корголушу;
- киберкоопсуздук аудитинин жыйынтыктарын сактоо жана жок кылуу;
- киберкоопсуздук аудитинин жыйынтыктары боюнча отчеттуулукту жана сунуштамаларды берүү тартиби;
- адистерге киберкоопсуздук аудитине уруксат берүү критерийлери (квалификациясына, стажына, кызыкчылыктар кагылышына ж.б. карата талаптар);
- киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү үчүн жооптуу адамдарды дайындоо;
- киберкоопсуздук аудитинин жыйынтыктары боюнча отчеттордун, чек-листтердин, сурамжылоолордун шаблондору (маалыматтык инфраструктура объекттери, киберкоопсуздук саясаты, кибержаңжалдар ж.б. боюнча);
- киберкоопсуздук аудитинин сапатын ички контролдоо;
- ички текшерүү (жүргүзүлгөн киберкоопсуздук аудиттерин экинчи ирет контролдоо);
- киберкоопсуздук аудитинин жыйынтыктары боюнча даттанууларды же пикир келишпестиктерди иштеп чыгуу жол-жобосу;
- жүргүзүлгөн киберкоопсуздук аудиттеринин журналы;
- киберкоопсуздук аудиторлорунун квалификациясын ырастоо планы;
11) киберкоопсуздуктун көз карандысыз аудитин жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу сертификатталган программалык жана аппараттык-программалык каражаттардын тизмеги, ошондой эле менчик укугун ырастоочу документтер же болбосо аларды пайдалануу үчүн башка мыйзамдуу негиз.
7. Ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтер арыз ээси тарабынан мамлекеттик же расмий тилде кагаз (тизме менен, тигилген жана номерленген) жана электрондук түрдө берилет.
8. Арыз жана ага тиркелген документтер, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү берүү же берүүдөн баш тартуу, күбөлүктү кайра тариздөө, токтото туруу, кайра калыбына келтирүү же аны колдонууну токтотуу жөнүндө буйруктар жана башка документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталууга тийиш.
4-глава. Аккредитациялоо жол-жобосу
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз катталган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде арызды, арыз ээси берген документтердин толуктугун, бүтүндүгүн жана мазмунун карайт.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээси берген документтерде камтылган маалыматтарды, анын ичинде тийиштүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана санариптештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга суроо-талаптарды жиберүү аркылуу текшерет.
11. Арызды жана ага тиркелген документтерди, анын ичинде мамлекеттик органдардан жана уюмдардан алынган документтерди (болсо) кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан арызды кароо аяктаган учурдан тартып 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү арыз ээсине берүүнү жактыруу же берүүдөн баш тартуу тууралуу корутунду таризделет.
12. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү берүүнү жактыруу тууралуу корутунду таризделген датадан тартып 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты аккредитациялоо жөнүндө тийиштүү буйрукту бекитет.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буйрук бекитилген күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө арыз ээсине ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү жиберет.
14. Эгерде арызда бир кыйла кыска мөөнөт көрсөтүлбөсө, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү колдонуу мөөнөтү 3 жылды түзөт.
15. Юридикалык жакты аккредитациялоо жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы өзүнүн расмий сайтына төмөнкү маалыматты жайгаштырат:
- аккредитацияланган юридикалык жактын аталышы;
- аккредитацияланган юридикалык жактын юридикалык дареги;
- аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү колдонуу мөөнөтү.
16. Юридикалык жакты аккредитациялоо жөнүндө буйрук күчүнө кирген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Реестрге тийиштүү маалыматты киргизет.
17. Аккредитацияланган юридикалык жактын аталышы, турган жери, жетекчилеринин курамы өзгөргөн, уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилген же аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк жоголгон учурда, аккредитацияланган юридикалык жак бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого жана 20 календардык күндүн ичинде аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү кайра тариздөө тууралуу арызды берүүгө милдеттүү.
18. Аккредитациялоо жөнүндө жаңы күбөлүктү берүү жана Реестрдеги маалыматты актуалдаштыруу ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр тууралуу маалыматтарды ырастаган документтерди тиркөө менен аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү кайра тариздөө тууралуу арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген датадан тартып 5 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
5-глава. Аккредитация берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
19. Арыз ээси берген документтерде анык эмес маалыматтын болушу, ошондой эле арыз ээсинин ушул Тартиптин 5, 6-пункттарынын талаптарына шайкешсиздиги аккредитация берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
20. Эгерде арызга ушул Тартиптин 6-пунктунда талап кылынган документтер тиркелбесе, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине мындай документтерди 10 жумуш күндүн ичинде берүүнү сунуштайт.
21. Арыз ээсине аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен арыз ээсине кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кабарламаны жиберет.
22. Арыз ээси аккредитациялоодон баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди жойгондон кийин аккредитацияны алууга жаңы арызды бере алат.
6-глава. Аккредитацияны токтото туруу, токтотуу жана жокко чыгаруу үчүн негиздер
23. Аккредитацияланган юридикалык жактын ушул Тартиптин 5, 6-пункттарынын талаптарын сактабагандыгы аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген мөөнөттө ага мөөнөтүн көрсөтүү менен бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйрукту берет жана бул мөөнөткө аккредитацияны колдонууну токтото турат.
Юридикалык жактын аккредитациясын колдонуу 45 күндөн ашпаган мөөнөткө токтото турушу мүмкүн.
24. Юридикалык жактын аккредитациясын колдонууну токтотуп турган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 жумуш күндөн кечиктирбестен Реестрге тийиштүү белгини коет.
25. Аккредитацияны колдонууну токтото туруу үчүн негиз болгон бузуулар жоюлган учурда юридикалык жак аныкталган бузуулардын жоюлгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү, андан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитацияны калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат жана 5 жумуш күндөн кечиктирбестен Реестрдеги тийиштүү маалыматты жаңылайт.
26. Эгерде аккредитацияланган юридикалык жактын бузуулары жазма буйрукта белгиленген мөөнөттө жоюлбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анын аккредитациясын жокко чыгарат жана ага себептерин көрсөтүү менен аккредитациянын жокко чыгарылгандыгы жөнүндө кабарламаны жиберет.
27. Юридикалык жакты аккредитациялоо жокко чыгарылган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жазууну Реестрге киргизет.
28. Аккредитацияланган юридикалык жак өзүнүн ишин токтоткон учурда бул тууралуу өзүнүн ишин токтоткон күнгө чейин бир айдан кеч эмес ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө тийиш.
29. Талаптагыдай тартипте таризделген ишти токтоткондугу тууралуу арыз алынган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитацияланган юридикалык жактын ишин токтоткондугу тууралуу маалымат алган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде тийиштүү жазууну Реестрге киргизет.
7-глава. Даттанууларды берүүнүн негизи жана тартиби
30. Арыз ээси юридикалык жакты аккредитациялоодон баш тартуу, токтото туруу, токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине даттанууга укуктуу.
31. Даттануу 30 жумуш күндүн ичинде берилиши мүмкүн:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламасы же жазма буйругу жөнөтүлгөн күндөн тартып;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иш-аракеттерди жасаган күндөн тартып;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракетсиздигине – ушул Тартипте каралган мөөнөттөр аяктагандан кийин.
32. Ушул Тартиптин 33-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептер менен өтүп кетсе, даттануу мөөнөтү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен бир мезгилде даттануу берилет.
Даттануунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү тууралуу арыз жүйөлүү себептердин негиздери жок болгон күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
Даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз канааттандырылган учурда даттануу кабыл алынды деп эсептелет.
33. Даттануу төмөнкүлөрдү камтышы керек:
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;
– юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын аты-жөнүн, анын кызмат ордун жана юридикалык жактын жайгашкан жерин;
– даттануунун предметин;
– даттануу берген адамдын талабын;
– даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин;
– даттануу берилген күндү, айды жана жылды;
– даттануу берген адамдын кол тамгасын;
– юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын кол тамгасын жана юридикалык жактын мөөрүн.
8-глава. Келип түшкөн даттануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш-аракети
34. Даттанууну кароо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде ишке ашырылат.
35. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даттанууну алууда даттануунун ушул Тартиптин 7-главасынын талаптарына ылайыктыгын текшерүүгө милдеттүү.
36. Эгер даттануу ушул Тартиптин 7-главасынын талаптарын бузуу менен берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аны кароосуз калтырат. Бул учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дароо кемчиликтерди көрсөтүү менен даттануу берген адамга жалпы даттануу мөөнөтүнүн чегинде аларды жоюуга мүмкүнчүлүк берет.
37. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтер жоюлбаган учурда, даттануу жараксыз деп таанылат жана канааттандыруусуз калтырылат.
38. Даттануу берүү, төмөнкү учурларды кошпогондо, административдик даттануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими күчүнө киргенге чейин даттанылып жаткан актыны аткарууну токтотуп турат:
1) башка мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимин токтоосуз аткаруу учурлары;
2) коомдук же улуттук кызыкчылыктардан улам токтоосуз аткаруу зарыл болгон учурлар.
39. Даттанууну кароо токтотулат, эгерде:
1) арыз ээси өз даттануусунан жазуу жүзүндө баш тартса;
2) ошол эле адамга, ошол эле предметке жана ошол эле негиз менен кабыл алынган, мыйзамдуу күчүнө кирген административдик же соттук акт болсо;
3) мыйзамдын күчү менен арызда талап кылынган административдик актынын кабыл алынышын жокко чыгарган арыз ээсинин статусу өзгөрүлгөндө;
4) аны кароону токтотуп турууга негиз болгон жагдайларды жоюу мөөнөтү бүткөндө.
40. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйругунун күчү төмөнкү учурда токтотулушу мүмкүн, эгерде:
1) административдик акт жөнөтүлгөн адам мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын талаптарын бузууларды жойгондо же бузууларды жоюуга тийиштүү чараларды көргөндө жана мындай учурларда бул бузуулар боюнча административдик акт кабыл алуу талап кылынбаганда;
2) мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын талаптарын бузуу же аларды алдын алууга байланышпаган башка маселелер боюнча административдик актыны кабыл алуу жагдайдын өзгөрүшүнө же мыйзамда каралган башка негиз боюнча зарыл болбой калган учурда.
41. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз негизсиз болгон учурда аны канааттадыруудан баш тартат.
42. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартипте каралган учурларда үч жумуш күндөн кечиктирбестен даттанууну кароону токтотуу же канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алат жана жазуу жүзүндө же электрондук түрдө арыз ээсине жоопту жиберет.
43. Даттануу боюнча чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) органдын аталышы (чечимди кабыл алган кызмат адамынын аты-жөнү; даттанууну каттоо номери жана чечимди кабыл алуу датасы; ушул даттануу боюнча кабыл алынган актынын датасы жана административдик актыны кабыл алган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы (кызмат адамынын толук аты-жөнү);
2) кызыкдар жактын, анын ичинде даттануу берген адамдын аталышы жана/же аты-жөнү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын даттанылып жаткан актысынын мазмунунун кыскача баяндамасы жана анын каттоо номери;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү тууралуу коюлган маселе боюнча негиздер;
5) зарыл учурда даттанууда көрсөтүлгөн айрым жүйөлөр боюнча тактоолор кызыкдар жактын түшүндүрмөсү менен толукталат;
6) даттанууну караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) тыянактары негизделген иштин аныкталган жагдайлары жана далилдери;
7) алардын негизинде тигил же бул далилдер четке кагылган жана кызыкдар жактар шилтеме кылган мыйзамдар же башка ченемдик укуктук актылар колдонулбаган жүйөлөр;
8) даттануу боюнча чечимди кабыл алууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле стандарттар;
9) даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча тыянактар.
44. Даттануу боюнча чечим арыз ээсине тапшырылган, жарыяланган же жиберилген күндөн тартып, бирок кабыл алынгандан кийин 3 жумуш күндөн кеч эмес күчүнө кирет.
45. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерине даттануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде жүргүзүлөт.
|
| Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти аккредитациялоо тартибине 1-тиркеме |
Форма
________________________________________________________________
(киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
20__-жылдын _____-__________ №__________
Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча юридикалык жакты аккредитациялоо жөнүндө
күбөлүк
___________________________________________________________
(киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
20__-жылдын _____-__________ №__________
буйругу менен
________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук жана кыскача аталышы (эгер бар болсо), анын ичинде фирмалык аталышы, уюштуруу-укуктук формасы), юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайта каттоо) тууралуу күбөлүктүн сериясы_______________________
көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча аккредиттелген деп таанылды.
Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү:____________________________
Берилген күнү: 20__-жылдын «___»________________________
Күбөлүктүн каттоо номери:________________________________
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери:
_________________________
____________________ ___________ _____________________
(кызмат ордунун аталышы) (колу) (инициалдары, фамилиясы)
___________________чейин жарактуу
МО
Бланктын сериясы ___________________№_______________
|
| Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти аккредитациялоо тартибине 2-тиркеме |
Форма
________________________________________________________________
(Киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
Арыз
Көз карандысыз киберкоопсуздук аудитин жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга күбөлүк берүүнү жана кароону өтүнөм.
Юридикалык жактын толук жана кыскартылган (бар болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы:___________________________________________________________________________
Мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн сериясы №:
________________________________________________________________
_________________________________________________________берилди
(ким тарабынан, качан)
Жайгашкан жери:_________________________________________________
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери:________________________
Өтүнмөгө күбөлүк алуу үчүн зарыл болгон документтер тиркелет:
тизме жана барактардын саны.
Байланыш маалыматтары (телефон номери, e-mail, факс):
______________________________________________________________________
______________________________ ____________________________
(колу) (датасы)
М. О.