Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябры № 45/Х-29
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” №54 Жарлыгы жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагында төмөнкү тартип белгиленсин:
- иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин ашыкча ызы-чуу
чыгарууга тыюу салынсын ;
- эс алуу жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин ;
- өзгөчө учур -31-декабрдан 1-январга караган түнү -саат 04:00го
чейин жол берилет.
2. Айыл өкмөттүн кызматкерлерине милдеттендирилсин:
- Калк арасында, диний уюмдарда, эс алуучу жайларда, маданий мекемелерде жана ишкерлер арасында “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын, түшүндүрүү иштери жүргүзсүн;
- Мыйзамдын аткарылышы үчүн аймактык милиция инспекторлору менен кызматташтыкты күчөтүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды
Төрага |
| Н.Ибраимов |