СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXVII сессиясы
2023-жылдын 3-октябры № 130
Сүлүктү шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №2-техникалык лицейине унаа токтоочу жай жана лаборатория куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 24.08.2023ж №01-12/2101 сандуу Сүлүктү шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №2-техникалык лицейине унаа токтоочу жай жана лаборатория куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеңештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча" туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 27, 34-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик” Кодексинин 51-беренесинин 1-пунктуна ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №2-техникалык лицейине унаа токтоочу жай жана лаборатория куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 348765 (үч жүз кырк сегиз миң жети жүз алтымыш беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Бюджет, экономика. инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.М.Жайнаков |