Загрузка документа…
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы № 324-т тескемеси менен жактырылды) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен
Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу
жөнүндө макулдашуу
Өзүнчө «Тарап», ал эми биргеликте – «Тараптар» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтү;
соодага, экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана Тараптардын жарандарынын жүрүүсүн жеңилдетүү максатында эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого умтулуп;
зарыл болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Колдонуу чөйрөсү
1. Кыргыз Республикасы менен Сейшел Аралдары Республикасынын ортосунда визалык талаптардан бошотуу башка Тараптын мамлекетинин аймагына барууда Тараптардын мамлекеттеринин жарактуу дипломаттык, кызматтык/расмий же жалпы жарандык паспорттору бар жарандары үчүн белгиленет.
2. Ар бир сапардын убагында бир Тараптын мамлекетинин аймагында жүрүүнүн мөөнөтү 30 (отуз) күндөн ашпоого тийиш. Жарандардын бир календардык жылдын ичинде бул Тараптын мамлекетинин аймагында жүрүүсүнүн жалпы узактыгы 90 (токсон) күндөн ашпоого тийиш.
2-берене. Мөөнөттөр жана шарттар
1. Кыргыз Республикасынын жарандары Сейшел Аралдары Республикасынын аймагына ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө аныкталган мөөнөткө визасыз кире алат жана жүрө алат.
2. Сейшел Аралдары Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө аныкталган мөөнөткө визасыз кире алат жана жүрө алат.
3. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жүрүү мөөнөтү Кыргыз Республикасы менен Сейшел Аралдары Республикасы тарабынан алардын улуттук мыйзамдарына ылайык аны андан ары узартуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
4. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жарактуу паспорттору бар жарандар Кыргыз Республикасынын же Сейшел Аралдары Республикасынын аймагында жүргөндө чет өлкөлүктөргө карата колдонулуучу мыйзамдарды жана эрежелерди сактоого милдеттүү жана кабыл алуучу Тараптын компетенттүү органдарынын тийиштүү уруксатысыз акы төлөнүүчү же акы төлөнбөгөн кандайдыр бир эмгек ишин жүргүзүүгө, же болбосо жеке пайда алуу максатында кесиптик же коммерциялык ишти жүзөгө ашырууга укугу жок.
5. Ушул Макулдашууну талаптагыдай аткаруу үчүн маалымат алмашуунун маанилүүлүгүн таанып, Тараптар кирүү шарттары сыяктуу байланышкан маселелер боюнча бири-бирине маалымдоого макулдашты.
3-берене. Улуттук мыйзамдар
Ушул Макулдашуу менен жөнгө салынбаган маселелер Тараптардын улуттук мыйзамдары менен жөнгө салынат.
4-берене. Персона нон грата
Ушул Макулдашуу кандай болбосун Тараптын персона нон грата деп жарыяланган адамдардын же экинчи Тараптын мамлекетинин башка жагымсыз адамдарынын жүрүүсүн себептерин көрсөтпөстөн токтотуу укугун чектебейт.
5-берене. Паспортту жоготуу же бузуу
Тараптардын биринин мамлекетинин жарандары кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөндө паспорту жоголгон же бузулган учурда бул тууралуу өз Тарабынын компетенттүү органдарына билдирүүгө милдеттүү. Бул максат үчүн жөнөтүүчү мамлекет тарабынан дайындалган дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме жөнөтүүчү мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жаңы паспорт же шашылыш же убактылуу жол жүрүү документин берет. Эгерде бул аймакта дипломатиялык же консулдук мекеме жок болсо, жөнөтүүчү мамлекеттин паспорт органы өз жарандарына убактылуу жол жүрүү документин берет.
6-берене. Макулдашуунун колдонулушун токтотуп туруу
1. Ар бир Тарап улуттук коопсуздук, коомдук тартип, коомдук саламаттык сактоо же мыйзамсыз миграция себептери боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтотуп тура алат.
2. Ушул Макулдашуу токтотулуп турган учурда экинчи Тарапка мүмкүн болушунча эртерээк жана артыкчылыктуу түрдө мындай чечим күчүнө киргенге чейин 72 (жетимиш эки) саат мурун билдирүү керек.
3. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуп туруунун себептери жокко чыгарылган учурда Тарап экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушу кайра жаңыртылгандыгы жөнүндө токтоосуз маалымдайт. Колдонулушун кайра улантуу билдирүү күнү же билдирүүдө көрсөтүлгөн башка күнү күчүнө кирет.
7-берене. Паспорттордун үлгүлөрү
1. Тараптар ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өз паспортторунун үлгүлөрүн ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу алмашат.
2. Паспортторунун формасы өзгөргөн учурда ар бир Тарап өзгөрүүлөр күчүнө киргенге чейин 30 (отуз) күн мурда экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу билдирүүгө жана жаңы паспорттун үлгүлөрүн берүүгө милдеттенет.
8-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана өзгөртүүлөр
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө эки Тарап бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлаган күнү күчүнө кирет. Тараптар акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган дата күчүнө кирген дата болуп эсептелет.
2. Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылга колдонулат жана кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат. Эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашууну колдонууну токтотууну кааласа, ал экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирет. Мындай учурда бул Макулдашуу мындай билдирүүнүн датасынан тартып 60 (алтымышынчы) күнү күчүн токтотот.
3. Тараптар ушул макулдашууга толуктоолорду же өзгөртүүлөрдү Тараптардын консультацияларынан кийин өз ара макулдашуу боюнча киргизиши мүмкүн. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун 8-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык күчүнө кирет.
Аны ырастоодо өздөрүнүн өкмөттөрү тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген, төмөндө кол койгондор ушул Макулдашууга кол коюшту.
202___-жылдын «___» _______________ ___________________ шаарында эки нускада кыргыз жана англис тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үчүн | Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтү үчүн |