Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
14-сессиясынын токтому
2025-жылдын 13-ноябры №14-6
Бел айыл аймагы боюнча дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы жөнүндө
Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовдун 2026-жылга карата болжолдуу курулуш обьектилери боюнча дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы жөнүндөгү билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңештин “ экономика, бюджет, ишкердик иш, муниципалдык менчик жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Бел айыл аймагы боюнча дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун жергиликтүү бюджеттен каржылануучу өздүк салымынын жалпы суммасы 1685 065 (бир миллион алты жүз сексен беш миң алтымыш беш ) сом болуп бекитилсин жана ар бир обьекттер боюнча төмөнкүдөйболуп ажыратылсын.
– Бел айыл өкмөтүнүн Жаш айылындагы “Карлыгач-Каңды” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө-648 628,05 сом;
– Бел айылындагы Сражидинова Канзада ажы эне атындагы “Райхан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын кошумча конализациясын, пожарныйга суу кампасын, суу түшкөнсептиктерин жаңыдан ремонттоо жумуштарын жургузүүгө- 577592,25;
– Бел айыл аймагынын Кайрагач айылындагы “Кеңеш” орто мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүү- 458 844,30 сом;
2. Белгиленген акча каражаттарын мыйзам чегинде өз мөөнөтүндө ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |