Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
14-сессиясынын токтому
2025-жылдын 13-ноябры №14-7
Бел айылдык кеңешинин төрагасына айлык акы төлөө жөнүндө
Бел айылдык кеңешинин төрагасына 2025-жылдын 3-4 кварталында өткөргөн жалпы 5 (беш) сессиясы үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 40-берене 6-пунктуна таянып, айыл өкмөт башчысынын бир күндүк эмгек акысы өлчөмүндө айлык акы төлөп берүү жагын карап чыгып, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Бел айылдык кеңешинин төрагасына 2025-жылдын 3-4 кварталында жалпы 5 жолу өткөрүлгөн ар бир сессиясы үчүн айыл өкмөт башчысынын бир күндүк эмгек акысы өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилсин.
2. Көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укуктартибин сактоо, архитектура, курулуш, экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |