Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 30-январы № 20/1
Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин балдардын тамак ашына ата энелерден чогулуучу төлөмдүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 билим берүү жөнүндө мыйзамыныны 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык Дөбөлү айыл өкмөтүнүн социалдык экономиканы ө баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин балдардын тамак ашына ата энелерден чогулуучу бир балага төлөм төмөнкүдөй бекитилсин.
№ | Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аталышы | 1 балага 1 айга төлөм (сом) |
1 | Аруу-Тилек | 1100 |
2 | Бала-Нур | 1200 |
3 | Небере | 1200 |
4 | Кайыңды | 1000 |
5 | Э.Сопуев | 1200 |
6 | Эки-Нарын | 1000 |
7 | Орук-Там | 1200 |
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Шералиев |