Редакцияот 22.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин №9-чакырылышынын кезектеги

4-сессиясынын токтому

 

2025-жылдын 22-февралы №4-3

 

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак жай имараттарына мүлк салыгын эсептөө үчүн ставкасын бекитүү жөнүндө

 

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 19-февралындагы №1-25/825 сандуу чыгыш катына негиз, Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө № 37 мыйзамга ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө № 37 мыйзамга ылайык, 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак жай имараттарына мүлк салыгын эсептөө үчүн ставкасын бекитүүгө макулдук берилсин.

 

2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак жай имараттарына мүлк салыгын эсептөө үчүн ставкасын тиркемедегидей бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика-соода ишкердүүлүк жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Зулуновго жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

 

А.Таирбек уулу