Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 30-январы № 20/4
Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтомуна ылайык Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 28-январындагы №01-18/252 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө сунушталган Жоболор бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомдору менен бекитилген Жоболорго ылайык Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө иш алып барууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |