Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 30-январы № 20/5
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 14 000 000 (он төрт миллион) сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагына караштуу 16 чакырым “Нарын-Ат-Башы авто унаа жолун күн чырак менен жарыктандыруу” долбоору жактырылсын.
2.Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 14 000 000 (он төрт миллион) сом каражаты Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан суралсын.
3.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты каралсын.
4.Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” МИсы жумуш иштерине техникалык жактан камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |