Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 30-январы № 20/7
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын №18/5 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2025-жылдын 11-декабрындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын №18/5 Токтомуна өзгөртүү киргизүүмаксатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 4 576 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш алты миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынан “Сейил-Булак” участкасына чейинки авто жолун күн чырак менен жарыктандыруу” долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 4 576 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш алты миң) сом каражаты Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты каралсын.
4. Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” МИсы жумуш иштерине техникалык жактан камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |