Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-марты № 1
Чаек айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨПко) толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоор тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун талаптарына, Жумушчу топтун 10 - март 2026-жылдагы протоколуна, коомдук угуунун жыйынтыгына таянып, Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча айыл аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
2. Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн Социалдык экономикалык өнүгүү программасынын иш-аракеттер планына ылайык төмөнкү чакан долбоор сунушталсын:
-Социалдык инфраструктуралык чакан долбоордун аталышы: «Чаек айыл аймагына караштуу Беш-Терек айылына 50 орунду бала бакча куруу»
-Экономикалык багыттын аталышы:
«Чаек айыл аймагына алма чипсы өндүрүшүн кеңейтүү » Чаек айылы;
3. Чаек айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
3.1. Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, АРИСке жөнөтүлсүн. 3.2. Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда, жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын. 3.3. Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
3.4. Экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
4. СЭӨПтун ишке ашырылышын, чакан долбоорлорду үзгүлтүксүз баалап, коомчулукка маалымат берип турууга БМБТ ( ГСМиО ) нын курамы түзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Кучмуратов Таалайбек Исмаиловичке жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |
Тиркеме
Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин кезексиз XIX сессиясынын
2026-жылдын 18-мартындагы
№1 токтому менен бекитилген
________________________________
Чаек айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоо катары киргизиле турган артыкчылыктуу көйгөйлөр.
3.3. Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарына анализ жүргүзүү.
Артыкчылык | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр |
1. Беш-Терек айылына 50 орундуу бала-бакча куруу | Жер аянтын бөлүү. ДСД даярдоо. Курулуш иштерин баштоо. | 2026-2027-жж. Каражат бөлүнүп, курулуш иштери башталат. |
2. Чукур-Аксеки Ысык-Сууну жазалгалоо, эс алуу зона куруу | Ысык суунун тегерегиндеги 5 га жер аянтын трансформациялоо жана эс алуу комплексин куруу максатында ДСД даярдоо. Жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. | 2026-жыл ичи трансформациялоо иштерин аягына чыгаруу. 2027-ж. ДСД даярдоо, жеке ишкерлер менен келишим түзүү. 2027-2030-жж. Эс алуу комплексин ишке берүү. |
3. Чаек айылына ДМЧ балдар үчүн инклюзивдик борбор куруу | Жер аянтын бөлүү, ДСД даярдоо. Жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргузүү. | 2028-ж. Жер аянты бөлүнүп, имараты салынды. Инклюзивдик борборго керектелүүчү жабдуулары сатып алынды. 2029-ж. Жеке ишкер менен биргеликте борбор ишке берилди. |
4. Чаек айылына борбордук канализация куруу | Изилдөө жүргүзүп тийиштүү мекемелерден корутунду алуу. ДСД даярдоо | 2028-2030-ж. Чаек айылында жайгашкан 1155 түтүн борбордук канализацияга кошулду. |
5. Көк-Ой айылына таза суу киргизүү | Капташтан резервуарга чейинки 4,2 км аралыкка суу түтүктөрүн тартуу | 2028-ж. Көк-Ой айылында жайгашкан 155 түтүн таза суу менен толук кандуу камсыз болду. |
6. Ак-Татыр айылына 50 орундуу бала-бакча куруу | Жер аянтын бөлүү, ДСД даярдоо | 2029-ж. Ак-Татыр айылына бала бакча курулуп, кезекте турган 50 бала бала бакчада тарбияланууда |
7. Көк-Ой айылындагы Күн-Желеси бала-бакчасына кошумча корпус куруу | ДСД даярдоо. Өнүктүрүү фондуна тапшыруу. | Күн-Желеси бала бакчасынын кошумча корпусу ишке берилип, бала бакчага кезекте турган балдардын саны кыскарды. |
8. Шортон айылына таштандыны кайра иштетүүчү цех ачуу | Катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү максатында таштанды таштоочу полигонго сорттоочу пункт ачуу. | 2026-ж. ичи таштанды таштоочу полигондо сорттоочу пункт ачылып, таштандылар сорттолуп, кайра иштетүүчү заводко тапшырылууда. |
9. Чукур-Аксеки айылынын ички көчөлөрүн жарыктандыруу | Көчөлөрдүн узундугуна жараша мамычаларды орнотуу, күн нурунан же электр тармагынан кубатталуучу жол чырактарын орнотуу | 2030-жылга чейин 2,5-3 км жолго мамычалар жана күн нурунан же электр тармагынан кубатталуучу жол чырактары орнотулду. |
10. Аксекиге кеткен арыкты бетондоо, лоток орнотуу | 2,5-3 км арыкты бетондоо же лоток орнотуу | 2030-жылга чейин бетондолуп же лоток орнотулуп бүтөт. Суу жоготуулары төмөндөйт. |
11. Кичи- Арал айылына 30 орунду бала-бакча куруу | Кичи-Арал айылынан сатып алынган имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү | Кичи-Арал айылынан сатып алынган имараты капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү жана Көк-Ой айылындагы толук кандуу жана үч сааттык бала бакчаларга болгон жүк азаят. Жергиликтүү тургундардын балдарын бала бакчага жеткирүүгө кетекен транспорт чыгымдары кескин түрдө төмөндөйт. |
12. Шортон айылына мал союучу цех куруу (убойный цех ) | Жер аянтын бөлүү, ДСД даярдоо | 2029-ж. Шортон айылына мал союучу цех ишке берилет. Жыйынтыгында Чаек айыл аймагынын бардык айылдарынан алып келинген мал жандыктары санитардык таза шартта союлуп, Жумгал районунун тургундары сапаттуу эт менен камсыз болот |
13. Беш-Терек айылына жаңы мектеп куруу | Анализ жүргүзүү. Муктаждык болсо ДСД даярдап, тийиштүү мекемеге долбоор тапшыруу. | Айыл жашоочуларынын, анын ичинде окуучу балдардын муктаждыктарына жараша каралат. |
14. Чаек айылына МТС, айыл чарба техникаларын алуу | Муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын күчтөө. | Муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана тийиштүү айыл чарба техникасы менен камсыздоо менен айыл тургундарына кызмат көрсөтүү жакшырат. Кошумча жумушчу орундар түзүлөт. |
15. Чаек айылынын көчөлөрүнө таштанды челектерин орнотуу | Сметасын түзүү. Сатып алынуучу товарларга мониторинг жүргүзүп сатып алуу иштерин аткаруу | 2026-2027ж. ичи Чаек айылынын борбордук көчөсүнө 50 даана таштанды челек орнотулду. |
16. Саздан баштап Аксекиге чейин канал куруу, лоток коюу | Сметасын түзүү. Сатып алынуучу товарларга мониторинг жүргүзүп сатып алуу иштерин аткаруу | 2030-жылга чейин Чаек айылынын ички ирригация системасы 70% жаңыртылды. |
17. Чукур-Аксеки айылына балдар ойноочу аянтчасын куруу | Жер аянтын бөлүп берүү, ДСД даярдоо. Ишке берүү. | 2027-ж. балдар ойноочу аянтча ишке берилди. |
18. Шортон айылына 240 орундуу бала-бакча куруу | Курулуш иштерине мониторинг жүргүзүү. Ишке берүү | 2026-ж. курулуш иштери башталып, 2027-ж. чейин ишке берилди. Чаек айыл аймагындагы бала бакчага кезекке турган балдардын саны кыскарат. |
19. Көк-Ой айылындагы Осмонкул-Ой көчөсүнө трансформатор орнотуу | Бул аймакта 18 түтүн жашайт. 400КВт трансформатор орнотуу. | 2027-ж. ичи Осмонкул-Ой көчөсүнүн 18 түтүн жашоочунун электр кубатына болгон муктаждыгы канаттандырылды. |
20. Шортон айылына балдар аянтчасын куруу | Жер бөлүп берүү. ДСД даярдоо | 2027-ж. балдар ойноочу аянтча ишке берилди. |
21. Кызыл-Жылдыз айылындагы Чолок-Терекке насос орнотуу | Изилдөө жүргүзүп тийиштүү мекемелерден корутунду алуу. ДСД даярдоо. | Тийиштүү мекемелерден алынган корутундулардын негизинде иш алып баруу. |
22. Чаек айылына таштандыларды кайра иштетүүчү жабдуу алуу | Товардын баасына мониторинг жүргүзүп сатып алуу иштерин аткаруу. | 2026-ж. ичи таштанды таштоочу полигондо сорттоочу пункт ачылып, таштандылар сорттолуп, кайра иштетүүчү заводко тапшырылууда. |
23. Чукур-Аксеки айылына спорт комплекс куруу | Жер бөлүп берүү. ДСД даярдоо. | 2030-ж. чейин спорт комплекс ишке берилет. |
24. Чаек айылына газ толтуруучу станция ачуу (газо-заправочная станция) | Жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. | 2030-жылга чейин Чаек айылына газ толтуруучу станция ачылат. |
25. Чукур-Аксеки айылына 250 орундуу бала-бакча куруу | Мониторинг жүргүзүү. Муктаждыкка жараша ДСД даярдоо. | 2030-ж. чейин бала бакча ишке берилип, жаңы жумушчу орундар ачылат. Кезекте турган балдардын саны кыскарат. |
26. Шортон айылындагы сел жүрө турган участокторду тосуу | ӨКМ менен биргеликте иш алып баруу | 2030-ж. чейин селдин кесепеттеринин тобокелдиктери кескин төмөндөйт. |
27. Чукур-Аксеки айылындагы Д.Исмаилов көчөсүн жарыктандыруу жана асфальттоо 2 км | Көчөлөрдүн узундугуна жараша мамычаларды орнотуу, күн нурунан же электр тармагынан кубатталуучу жол чырактарын орнотуу | 2030-жылга чейин 2 км жолго мамычалар жана күн нурунан же электр тармагынан кубатталуучу жол чырактары орнотулду. |
28. Ак-Татыр айылына ДМЧ балдар үчүн инклюзивдүү борбор куруу | Жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Каалоосун билдирген ишкерлерге көмөк көрсөтүү. | 2030-ж. чейин. Инклюзивдик борбордун имараты курулуп, тийиштүү жабдуулары алынды. Жеке ишкер менен келишим түзүлүп, борбор ишке берилди. |
29. Кызыл-Жылдыз айылына балдар аянтчасын куруу | Күчүк конушундагы жерди трансформациялоо, дсд даярдоо, өнүктүрүү фондуна сунуштоо | 2027-ж. балдар ойноочу аянтча ишке берилди. |
30. Шортон айылындагы көчөлөрдү, Ш. Исабекова паркын жашылдандыруу | ДСД даярдоо, аны ишке ашыруу | 2030-ж. чейин. Айыл тургундарынын сейилдеп, бош убактыларын өткөрүүгө шарттар жакшыртылды. |
31. Көк-Ой айылына 150 орундуу бала-бакча куруу | Көк-Ой айылындагы Акшар-Ой тилкесиндеги жер аятнтына 150 орундуу бала бакча куруу максатында ДСД даярдоо. | 2030-ж. чейин бала бакча ишке берилип, жаңы жумушчу орундар ачылат. Кезекте турган балдардын саны кыскарат. |
32. Көк-Ой айылындагы паркты жаңылоо | ДСД даярдоо, өнүктүрүү фондуна тапшыруу | 2030-ж. чейин. Айыл тургундарынын сейилдеп, бош убактыларын өткөрүүгө шарттар жакшыртылды. |
33. Беш-Терек айылынын ички жолдорун асфальттоо | Каржы булактарын аныктоо. Долбоорду ишке ашыруу. | 2030-ж. чейин 2 км ички жолу асфальтталды. |
34. Беш-Терек айылына сел каптоодон сактоочу канал-дамбаларды куруу | Изилдөө иштерин жүргүзүү. ДСД даярдоо. | 2030-ж. чейин селдин кесепеттеринин тобокелдиктери кескин төмөндөйт. |
35. Шортон айылындагы ички жолдорду асфальттоо | Каржы булактарын аныктоо. Долбоорду ишке ашыруу. | Муктаждыкка жараша иш алып барылат. |
36. Ак-Татыр айылынын икчи көчөлөрүн жарыктандыруу | Көчөлөрдүн узундугуна жараша мамычаларды орнотуу, күн нурунан же электр тармагынан кубатталуучу жол чырактарын орнотуу | 2030-жылга чейин 2,5-3 км жолго мамычалар жана күн нурунан же электр тармагынан кубатталуучу жол чырактары орнотулду. |
37. Беш-Терек айылына жаңы ФАП куруу | Жерин бөлүп берүү. ДСД даярдоо. | 2030-ж. чейин. ФАП ишке берилиши менен калктын медициналык жардамга жеткиликтүүлүгү жогорулайт. |
38. Кызыл-Жылдыз айылынын көчөөлөрүнө таштанды челектерин орнотуу | Жергиликтүү бюджетке сунуштоо. Муниципалдык ишканага милдеттендирүү. | 2026-2027ж. ичи Кызыл-Жылдыз айылынын көчөсүнө 50 даана таштанды челек орнотулду. |
39. Көк-Ой айылына балдар аянтчасын куруу | Кооман, Мамытбек уулу Корошбек, С.Тажиева атындагы көчөлөрүнө балдар аянтчасын куруу | 2027-ж. балдар ойноочу аянтча ишке берилди. |
40. Кызыл-Жылдыз айылына спорт комплекс (машыгуучу зал) куруу | К.Акиев атындагы мектептин эски имараты жайгашкан жерге машыгуу залын салуу максатында дсд даярдоо, каржы булактарын издөө. | 2030-ж. чейин ДСД даярдалып, каржы булактары изилденет. |
41. Ак-Татыр айылына таштандыларды кайра иштетүүчү цех куруу | Таштанды топтоочу полигонго таштандыларды сорттоочу пункт уюштуруу. | 2026-ж. ичи таштанды таштоочу полигондо сорттоочу пункт ачылып, таштандылар сорттолуп, кайра иштетүүчү заводко тапшырылууда. |
42. Ак-Татыр айылындагы балдар аянтчасын жарыктандыруу | Күн нурунан же электр тармагынан кубатталуучу чырактарын орнотуу | 2026-жыл ичи күн нурунан же электр тармагынан кубатталуучу чырактары орнотуду |
43. Көк- Ой айылындагы Бекичи арыкка лоток орнотуу | Суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү | 2026-жылдын аягына чейин суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилет. |
44. Чукур-Аксеки айылынын ички чарбалык арык-каналдарын жаңылоо | Суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү | 2026-жылдын аягына чейин суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилет. |
45. Кызыл-Жылдыз айылынын К. Акиев көчөсүн асфальттоо | Ички жолду Снос, 1,5-2 км жолду асфальттоого ДСД даярдоо | 2030-ж. чейин К.Акиев көчөсү кеңейтилип, асфальт төшөлдү. |
46. Ак-Татыр айылына ФАП куруу | Жерин бөлүп берүү. ДСД даярдоо. | 2030-ж. чейин. ФАП ишке берилиши менен калктын медициналык жардамга жеткиликтүүлүгү жогорулайт. |
47. Чаек айылынын ички көчөлөрүн жарыктандыруу | Көчөлөрдүн узундугуна жараша мамычаларды орнотуу, күн нурунан же электр тармагынан кубатталуучу жол чырактарын орнотуу | 2030-жылга чейин узундугуна жараша жолго мамычалар жана күн нурунан же электр тармагынан кубатталуучу жол чырактары орнотулду. |
48. Кызыл-Жылдыз айылындагы Күчүк-Арыкка таза суу киргизүү | ДСД даярдоо. Каржы булактарын аныктоо. Долбоорду ишке ашыруу. | 2029-ж. Кызыл-Жылдыз айылындагы Күчүк-Арыктагы 5 түтүн таза суу менен камсыз болду. |
49. Көк-Ой айылындагы суугат сууларды жакшыртуу | Суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү | 2026-жылдын аягына чейин суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилет. |
50. Аксекиден Жер-Арыкка чейин лоток салуу | Суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү | 2026-жылдын аягына чейин суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилет. |
51. Кызыл-Жылдыз айылына таза суу (скважина, бурение) | ДСД даярдоо. Каржы булактарын аныктоо. Долбоорду ишке ашыруу. | 2030-ж. чейин. Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары таза суу менен камсыз болуп калат. |
52. Кызыл-Жылдыз айылындагы Орто-Арыкка лоток коюу | Суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү | 2026-жылдын аягына чейин суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилет. |
53. Кызыл-Жылдыз айылынын Майда-Дөбө сазына жол салуу | Тийиштүү мекемелерден (МЧС) корутунду алуу | Корутундунун негизинде иш алып барылат. |