Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-марты № 3
Чаек айыл аймагы боюнча жазгы айдап себүүн тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чаек айыл аймагы боюнча жазгы айдап себүүнүн тарифтерин бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагы боюнча жазгы айдап себүүнүн тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- айдоо 1 га 2000 сом, 30 литр дизелдик май эгер айдалып жүргөн жер болсо, 1 га 2500 сом, 30 литр дизелдик май эгер жаңы бузула турган жер болсо;
- мала 1 га 1200 сом, 10 литр дизелдик май;
- себүү 1 га 1200 сом, 10 литр дизелдик май;
- шак тартуу 1 га 500 сом, 5 литр дизелдик май.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.
Төрага | А. Муталиев |