Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-марты № 4
Чаек айыл аймагындагы чабандар акысы жана көчүп конуусу боюнча
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чаек айыл аймагындагы чабандардын акысын бекитип берүү жана көчүп-конуу графигин бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Чаек айыл аймагы чабандардын мал баккандыгы үчүн акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
-бодого 700 сом, жандыкка 100 сом.
2. -Жаздоого көчүү 1-апрелден 10-апрелге чейин, жайлоого көчүү 25-майдан 10-июнга чейин, Мин-Бугуга көчө тургандарга 20-июнга чейин, күздөөгө көчүү оруп жыюу бүткөнгө чейин 20-сентябрдан 1-октябрга чейин, 1-ноябрдан баштап кыштоого көчүүгө уруксаат берилсин;
- жайыт бөлүмү тарабынан жалаң бодолор менен чыккан, жандык малды кошо алып чыкпаган чабандарга жайыт билети берилбесин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн тарифтерди жана графикти бузган жарандарга;
- айдоого түшкөн малдын ээсине;
- келишим түзбөй, санак жүргүзбөй, жайыт билет албай кеткен малчыларга;
- жайыт акы төлөбөй, чабандарга малын кошпой ээн айдап жиберген мал ээсине;
- жайлоо, кыштоого санак жүргүзбөстөн, санак келишимин түзбөй айдап жиберген жайыт пайдалануучуга;
- жайлоодо журт которбогон чабандарга, жайытты деградацияга алып баргандарга;
бузуулар кодексинин негизинде мыйзам чегинде айыптар салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.
Төрага | А. Муталиев |