Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-марты № 5
“Чаек” муниципалдык ишканасындагы сугат суу бөлүмүнүн, жайыт бөлүмүнүн, тазалыктын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-жана 34-беренесине ылайык “Чаек” муниципалдык ишканасындагы сугат суу бөлүмүнүн, жайыт бөлүмүнүн, тазалыктын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. “Чаек” муниципалдык ишканасындагы сугат суу бөлүмүнүн, жайыт бөлүмүнүн, тазалыктын тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- сугат сууга 400 (төрт жүз) сом, 350 (үч жүз элүү) сом суу акысы, 50 (элүү) сом корукчуга;
- жайыт акылары бодо малга 200 (эки жүз) сом, жандыкка 40 (кырк) сом;
- таштанды чыгаруу үчүн ар бир түтүнгө айына 150 (жүз элүү) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.
Төрага | А. Муталиев |