Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 08
Кара-Балта шаарынын 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2027–2028-жылдарга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Республикалык бюджеттин 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга карата болжолу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган 2026-жылга карата шаардын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча жалпы суммасы 582 321,4 миң сом өлчөмүндө, 1 тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:
-бюджет – 547 321,4 миң сом;
-атайын эсеп – 35 000,0 миң сом.
2. Кара-Балта шаарынын бюджети боюнча 2027–2028-жылдарга негизги параметрлердин болжолу бекитилсин:
-2027-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол – 653 386,4 миң сом, 2028-жылга – 731 088,4 миң сом, №2 жана №3 тиркемелерге ылайык;
-2027–2028-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдук параметрлери ар бир тиешелүү мезгилде кабыл алынганда такталууга тийиш.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясы үчүн жөнгө салынуучу кирешелерден жана жергиликтүү салыктардан шаардык бюджетке чегерүүлөрдүн төмөнкү нормативдери бекитилсин:
– салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы – 100 %;
– жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти) – 50 %;
– патенттин негизиндеги салык – 100 %
– өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишмердүүлүк үчүн салык – 100 %;
– жер казынасын пайдалануу укугун бергендиги үчүн жыйым – кен чыккан жер боюнча 7 %;
– жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн чегерүүлөр – кен чыккан жер боюнча 20 %.