Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IX СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 4-августу № 9
Жерге-Тал айылындагы Тегирмен участогундагы жана Шераалы көчөсүндөгү жалпы 1,28га жер аянтын таза суу курулмалары үчүн бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясынын 2025-жылдын 22-июлундагы №01-10/81 “Ала-Буга айыл аймагындагы Жерге-Тал айылында жайгашкан Тегирмен участогундагы таза суу түтүктөрү өткөн жерлерди жана Шераалы көчөөсүнүн суу түтүктөрүн, суу өлчөгүчтөрдүн жерин, жалпы 1,28 га жайыт жерди (№3941, №4013, №4014, №4015, №4016, №4018, №3476, №3477) трансформациялоо жөнүндө” буйругунун негизинде Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы Тегирмен участогунда жана Шераалы көчөөсүндө жайгашкан №3941, №4013, №4014, №4015, №4016, №4018, №3476, №3477 контурундагы жалпы 1,28га жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга алынсын.
2. Ала-Буга айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы Тегирмен участогунда жана Шераалы көчөөсүндө жайгашкан №3941, №4013, №4014, №4015, №4016, №4018, №3476, №3477 контурундагы (жалпы 1,28га) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясындагы жер тилкелери Жерге-Тал айылынын таза суу курулмаларын куруу үчүн бөлүнүп берилсин жана Ала-Буга айыл өкмөтүнүн балансына алынсын
3. Токтомду аткарууга алуу Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А. Медетовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |