Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 04
Кыргыз акыны, драматург, котормочу Алыкул Осмоновдун
элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу А.Осмоновдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарынын жогорку сейил багына кыргыз акыны, драматургу жана котормочусу Алыкул Осмоновдун ысымы ыйгарылсын.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы:
- ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №146 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында географиялык объекттерге ат коюу, кайра атоо, эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө» жобого ылайык, Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн бирине Алыкул Осмоновдун ысымын ыйгаруу боюнча сунушту Кара-Балта шаардык кеңешине киргизсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри А.К.Исаковго тапшырылсын.
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кара – Балта ш. мэриясына, ММБга, КР ЮМга.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |