Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ X СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 4-сентябры № 10
“ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жѳнүндѳ” жарлыгынын жана 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жѳнүндѳ”Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында жэргиликтүү деңгээлде тийиштүү чечимдерди кабыл алуу жѳнүндѳ Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынында ѳткѳрүлгѳн үйлѳнүү үлпѳттѳрүнүн,аш-тойлордун жана башка массалык иш чаралардын саат 22:00 дѳн кечиктирилбей аякташын камсыз кылуу колго алынсын.
2. Банкеттик залдардын кѳңүл ачуучу жайлардын иштѳѳ убактысына 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жѳнүндѳ”Мыйзамынын 3-беренесинде кѳрсѳтүлгѳн талаптарына ылайык чектѳѳ киргизилсин.
3. Ыйгарым укуктуу жана лицензияланган концерттик жайлар гана ѳзгѳчѳ тартип менен иштей ала тургандыгы белгиленсин.
4. Ала-Буга айыл аймагынын жарандарына,укуктарды сыйлоо,демонстративдүү чыгымдардан алыс болуу,тынч жашоону камсыздоо боюнча түшүндүрүү,маалымдоо иштери жүргүзүлсүн.
5. Токтомду аткарууга алуу Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сулаймановго тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ регламент,депутаттык этика жана мандат,мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |