Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 8-декабры № 11/3
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бир даана автогрейдер техникасын алуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонддун эсебинен алына турган техниканын долбоорун бекитип жана өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1.Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жазылган долбоору бекитилсин.
2.Өздүк салым үчүн 946 750 (тогуз жүз кырк алты миң жети жуз элүү ) сом акча каражаты Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бир даана автогрейдер техникасын алуу үчүн 2026-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
3.Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Ыбышов |