Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 8-декабры № 11/6
Бүбүкан апа балабакчасына кровать жана балдар үчүн стулдарды алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун “Кочкор районунун өнүктүрүү” фонддун эсебинен алына турган эмеректердин долбоорун бекитип жана өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1.Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Кочкор районунун өнүктүрүү” фондуна жазылган долбоору бекитилсин.
2.Өздүк салым үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
3.Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Ыбышов |