Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын
5-сессиясынын токтому
2025-жылдын 05-апрели №5-1
Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» мыйзамынын 19-беренесине ылайык Н. Исанов атындагы айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына талапкер көрсөтүү жөнүндө
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде аймактагы коомдук, жамааттык, уюмдардын чогулуштарынын протоколдору, талапкердин документтери менен тапшырылып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» мыйзамынын 19-беренсине ылайык Н. Исанов атындагы айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Ноокат АШКсына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |