Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2026-жыл 10-апрель №3/1
“Т. Балтагулов айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы Коргончо-1 жана Коргончо-2 көчөлөрүнө чектеш ички муниципалдык жол тилкесин башка максатта пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциясын Жер кодексинин 20-беренесине “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын, жер пайдалануу жана шаар куруу талаптарын эске алуу менен, ошондой эле көрсөтүлгөн аймакта альтернативдик ички жолдун бар экендигин, жарандардын жана транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүсүү камсыз кылынарын, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү, ишкердикти колдоо жана келечекте муниципалдык базар куруу мумкунчулугун кароо максатында,айыл өкмөтүнүн сунушун, туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы А.Каюмов дарегинде жайгашкан, Коргончо-1, Коргончо-2 көчөлөрүнө чектеш мурда ички муниципалдык жол катары каралган жол тилкеси боюнча, альтернативдик жолдун бар экендигине байланыштуу, муниципалдык базар катары пайдаланууга принципиалдуу макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин:
-аталган жер тилкесин, максаттуу багытын өзгөртүү маселеси Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык өзүнчө каралсын;
-жер тилкесинин укуктук макамы такталгандан кийин тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу жүргүзүлсүн;
-аталган тилкени келечекте муниципалдык базар куруу максатында пайдалануу боюнча сунуштарды жана тиешелүү документтерди өзүнчө тартипте даярдап, айылдык кеңештин кароосуна киргизсин.
3. Белгиленсин, ушул токтом өзүнөн өзү курулуш жүргүзүүгө, жер тилкесин бөлүп берүүгө, объект жайгаштырууга же пайдаланууга акыркы уруксат болуп эсептелинбейт жана тиешелүү мыйзамдарда каралган бардык архитектуралык, жер укуктук, санитардык, өрт коопсуздук жана башка уруксат берүүчү жол-жобоолор аяктагандан кийингана ишке ашырылат.
4. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына белгиленген тартипте жөнөтсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыялангандан жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагас | Т.Хамракулов |