Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2026-жыл 10-апрель №3/2
“Т. Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык имаратттар жана жерлердин келишимдерин кайрадан карап чыгуу жөнүндө.”
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү, ишкердикти колдоо максатында, айыл өкмөтүнүн сунушун, туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл аймагындагы ижарага берилген муниципалдык жерлер жана имараттардын өкмөт менен түзүлгөн келишимдерин муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын жана базар экономикасын эсепке алуу менен кайрадан ордунда комиссия түзүлүп, кароого макулдук берилсин.
2. Аймак боюнча токтомдун 1-пункутуна ылайык комиссия түзүү, мыйзамга ылайык иш алып баруу жана маалыматтарын тактоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына белгиленген тартипте жөнөтсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыялангандан жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |