Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын
5-сессиясынын токтому
2025-жылдын 05-апрели №5-3
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын тургуну Мамажунусова Гүлмиранын жеке менчигинде болгон 4532,0 чарчы метр жеринин ичинен 400,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп жеңил типтеги эс алуу жай куруу жөнүндө
Ноокат райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун 2024-жылдын 21-ноябрындагы №5-01-23/583, Ош электр тармактар ишканасынын Ноокат райондук электр тармактарынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы №01-5/395,Ош облусунун Ноокат райондук Өзгөчө Кырдаалдар бөлүмүнүн 2025-жылдын 20-мартындагы №01-16/225, Ноокат райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 14-февралындагы №0393 корутундуларына ылайык, Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылынын тургуну Мамажунусова Гүлмиранын жеке менчигиндеги 4532,0м2 жер тилкесинин ичинен 400,0м2 чарчы метр жерин максаттуу багытын жеңил типтеги эс алуу жай курууга өзгөртүү жөнүндө арызын айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылынын тургуну Мамажунусова Гүлмиранын жеке менчигинде болгон 4532,0 чарчы метр жеринин ичинен 400,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп жеңил типтеги эс алуу жай курууга макулдук берилсин.
2. Токтомго ылайык жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |