Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябры № 46/Х-29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн ашыкча түшкөн киреше салыгынын эсебинен көбөйтүүгө жана чыгаша бөлүгүн Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылында жайгашкан бала бакчанын долбоордук сметалык иш кагазын жасатууга жана ген. план АПУ, ИТУ, топосьемка жасатууга, смета технадзор ж.б. кызматтарды, жер тилкелеринин корутундуларын алууга көбөйтүүгө, “Жайыт пайдалануу” боюнча киреше бөлүгүн жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 05-августундагы №03-13/1735 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн төмөнкү маселелерге макулдук берүү жөнүндө” катынын 2,3-бөлүмүн Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн киреше салыгы боюнча планын 2025-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 1 млн сомго көбөйтүүгө жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 1 млн сом акча каражатынын 500,0 мин сом акча каражаты “ЖКХ” бөлүмүнүн 2215 беренесинде Алмалуу айылындагы бала бакчанын долбоордук сметалык иш кагаздарын жасатууга жана 500,0 мин сом акча каражаты ген. план АПУ, ИТУ, топосьемка жасатууга, смета технадзор ж.б. кызматтарды алууга жана жер тилкелерине корутундуларды алууга көбөйтүүгө макулдук берилсин;
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн “Жайыт пайдалануу” боюнча планын 100,0 мин сомго көбөйтүүгө жана чыгаша бөлүгүн “Жайыт” бөлүмүнүн 2215 беренесинде 19,3 мин сомго көбөйтүүгө макулду берилсин;
3. Жогорудагынын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |